super.kg logo

Жасалма номерлүү бир канча унаа окуясы. Мамкаттоо "Кактус.медиа" басылмасынын эл алдында кечирим суроосун талап кылды

 

Мамлекеттик каттоо кызматы "Кактус.медиа" басылмасына чыккан маалыматты төгүндөдү. Аталган кызматтын бүгүн, 6-декабрда тараткан билдирүүсүнө ылайык, 4-декабрда аталган басылма "Жасалма номерлүү унаалар менен тартылган сүрөттөгү адамды мамлекеттик кызматкерлер Мамкаттоонун жетекчиси жана анын орун басары деп таанышты" деген аталыштагы макала жарыяланган.

"Ал макалада автор өздүк булактарына таянып, KG 578 ACD номерлүү Мерседес-бенц унаасында Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетов болгон деп жазган. Бул маалыматты Мамбетовдун төгүндөгөнүнө карабай, макаланын автору сүрөттөгү киши Мамкаттоонун жетекчиси дегенди далилдөөгө аракет кылган. Тагыраагы, автор "редакция тарабынан сурамжылоо болуп, бир катар мамлекеттик кызматта иштегендер, ал катарда Мамкаттоонун кызматкерлери дагы сүрөттөгү киши Мамбетов болушу толук мүмкүн" деген. Мындан тышкары, автор өздүк булактарына шилтеме берүү менен "айдоочунун жанында отурган аял Мамкаттоонун жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева экени маалым болду" деген.

Сүрөттөгү адамдарга Айнура Туйбаева жана Алмаз Мамбетовдун эч кандай тиешеси жок экенин белгилей кетели. Андыктан аталган маалымат агенттигине чыккан макала чындыкка дал келбейт. Буга байланыштуу аталган медианын "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесинин негизинде Мамкаттоонун төрагасы Алмаз Мамбетовдон, анын орун басары Айнура Туйбаевадан жана эл алдында кечирим суроосун талап кылабыз. Ошондой эле макаланы төгүндөгөнүн сайтка жарыялоону талап кылабыз. Эгер талаптарыбыз канааттандырылбаса, Мамкаттоонун жетекчилиги сотко кайрылуу укугун пайдаланат", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынан.

Интернетте 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү жарыяланып, унаалардын айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн экендиги талкууга алынган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
07.12.2019. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
20-01-2020 23:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыкандык менен иликтенсин жана далилдери болсо жоопко тартылсын! Мыйзам баардыгына бирдей болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136762;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: