О! Мобилдик оператору акылдуу түзүлүштөр үчүн жаңы тариф сунуштайт

О! Мобилдик оператору жаңы "буюмдардын интернети" (IoT) багытын өнүктүрүп жатат жана буга байланыштуу инновациялык сунушун киргизүүдө.

2019-жылдын 9-декабрынан баштап О! абоненттери күнү-түнү сигнализацияларын, түтүн менен суунун жылжып агууларынын билдиргичтерин, навигаторлорду, GPS-трекерлерди жана башка смарт-түзүлүштөрүн жаңы "Акылдуу түзүлүш" тарифи менен текшере алышат.

"Акылдуу түзүлүш" тарифи SIM-карталар үчүн слоттору бар бардык электрондук түзүлүштөрүнө арналган: түтүн жана суунун жылжып агууларынын билдиргичтери, коргоочу жана автосигнализациялар, видеобайкоо камералары жана башка "акылдуу үй" тутумдары. Тариф түзүлүштөрдү башкарууга жана алардын абалын каалаган учурда көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Түзүлүштөрдү көзөмөлдөө үчүн:

  • 200 мегабайт мобилдик интернет;
  • Ар бир 30 күнгө 30 SMS берилет.

Төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандаңыз:

  • бир айга (30 күн) – 50 сом;
  • бир жылга (360 күн) – 490 сом.

Интернеттин, SMS жана SIM-картанын балансынын калдыгына "Мой О!" тиркемесинен байкоо жүргүзсө болот. Муну аткаруу үчүн түзүлүшкө тагылган SIM-картанын «Менин номерлерим» топтомуна номерди киргизүү керек.

Тариф үчүн М2М жабдуу менен эң экстремалдуу шарттарда: Цельсия боюнча -50 градустан +105 градуска чейин иштөөсү мүмкүн болгон атайын "брондолгон" SIM-карта каралган.

Бул тарифти кошуп алууну каалайсызбы?

Каалаган O!Store дүкөнүнө же сатуу жана тейлөө кеңсесине келиңиз. Атайын M2M SIM-картасынын баасы – 100 сом. Бүт баалар КНС жана СС эске алуу менен көрсөтүлгөн. Тариф тууралуу кененирээк маалыматты o.kg сайтынан окуса болот.

О! Мобилдик оператору инновациялар жана санарип Кыргызстан үчүн!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан