Бишкек ШИИББи: "Аёосуз сабалган 60 жаштагы кишинин окуясы боюнча тосмо арыз келип түшкөн жок"

Буга чейин Бишкекте аёосуз сабалган 60 жаштагы Каныбек Ботоканов аны сабаганга шектелип жаткан Мирмухамбет Ишембековго эки апта мурун тосмо арыз жазып бергени боюнча SUPER.KG порталына жабырлануучунун кызы Жанна Ботоканова билдирген. Ал эми Бишкек ШИИББи бул факты боюнча тосмо арыз келип түшпөгөнүн билдирди.

"Шектүү дагы деле издөөдө. Эч кандай тосмо арыз келип түшкөн жок", - деди басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков.

30-октябрда Бишкекте үйлөрдүн короосун кайтарган 60 жаштагы Каныбек Ботокановду белгисиз жарандар аёосуз сабаган видео тараган. Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен каттаган. Ботоканов Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып чыкты. Ал эми Бишкек ШИИББи Мирмухамбет Ишембековго издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2019-12-09 23:57:56
Карга караганын көзүн чокубайт дечү беле? Тааныган билген көргөндөр айтып койгула да каякта жүргөнүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан