Бишкектеги "Дордой" базарынан норка шуба уурдаган деп шектелип, 44 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда "Дордой" базарындагы контейнеринен белгисиз жаран 84 миң сомдук шубаны уурдап кеткени жазылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринде шектүү катары 44 жаштагы Э.Ф. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Шектүүнүн башка дагы кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.