Оштон чыккан жылдыздар күйөрмандарына Жаңы жылдык белек камдашууда. Бул тууралуу тамада, шоумен Кадыр Жарматов SUPER.KG порталына билдирди.
"Оштогу бүт чыгармачыл адамдар: Гүлжигит Сатыбеков, Замир Мырза, Гүлназ Чыныбек кызы, Айжамал Кабылова, Дайыр Исмадияров, Самара Каримова жана башкалар биригип, Жаңы жылдык музыкалык тасма тартып жатабыз. Тасма кыска метраждуу, ырчылардын ырларын кошкондо 1 сааттан ашат. Сценарийин биз, "No name" командасы жаздык, тартуу иштерине да өзүбүз жоопкербиз. Буюрса, көңүлдү көтөргөн кызыктуу тасма болот деп ишенебиз", - дейт Кадыр.