"Ала-Тоо" аянтында "Бизге таза аба керек" деген аталыштагы акция өттү

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында "Бизге таза аба керек" деген аталыштагы акция өттү.

Эколог Эркин Булекбаев билдиргендей, Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатат. "Андан жарандардын ден соолугу начарлайт. Чара көрүүнү талап кылып жатабыз. Митингге 100 кишидей катышты. Акция эки саатка чейин созулду", - дейт Булекбаев.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бул маселеге бийлик тез арада көңүл бурушу керектигин айтты. "Акцияда Бишкек шаарындагы экология боюнча маселе көтөрүлдү. Эмне үчүн Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатат? Бул адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет", - дейт Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан