Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталы уюштурган, колдонуучулардын добушу аркылуу жеңишке жеткен "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи өтүүдө. Добушка маданият жана шоу-бизнес тармагында бул жыл ичинде тыным албай иштеп, тер төгүп эмгектенген ырчы, актриса, вайнер, режиссёрлор коюлган.
"Жылдын супер дебюту-2019" наамынын жеңүүчүсү Айзада Жамгырчиева номинант болгонуна эле сүйүнгөнүн билдирди.
"Мен алып баруучу болуп жүрүп, ырчылык тармакка быйыл эле кадам таштадым. Эмгегим бааланат деп такыр эле ойлогон эмесмин. "Жүрөк сыры" деген ыр чыкканда, "ырдабаган эле сен калдың" деген негативдүү сөздөр айтылган. Бул наамды албасам керек деп ойлогом. Башында "жеңишке жеттиң" деп чалышканда ишенген эмесмин. Колума наамды алгандан кийин ишенип отурам", - дейт Жамгырчиева.