Индонезиянын тургуну Дита Агустанын үйүндө 250 мышык бар. Ал үй-жайсыз жана кароосуз калган мышыктарды өз камкордугуна алып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, күйөөсү экөө Богор шаарындагы Ява аралынан жер тилкесин сатып алышып, ал жерге үй курушкан. Ага кайрымдуулук фонду, жаныбарларды коргоо уюму жана жергиликтүү тургундар жардам беришкен. Үй-жайсыз жана кароосуз калган мышыктарды өз камкордугуна алуу идеясы 5 жыл мурун пайда болгон. Ошол учурда эле алардын камкордугунда 30 мышык бар болгон. Бирок 30 мышыкка үй тар болгондуктан, чоң үй салууга киришишкен.
Камкордугуна алынган мышыктардын саны өсүп отуруп, алардын саны 250гө жеткен. "Биз бул үйдү куруп, мышыктарыбызга жакшы шарт түзүүнү кыялданганбыз. Бактыга жараша, бизге кайдыгер эмес жарандар жана кайрымдуулук фонду жардам берди. Биз бактылуубуз", - деген Дита Агуста. Бүгүнкү күндө мышыктар жергиликтүү тургундардын жана жаныбарларды коргоо уюмунун эсебинен багылып жатат. Күнүгө мышыктардын азыгына 100 доллар кетет. Мышыктарга кам көрүүгө жубайлардан тышкары, дагы 5 киши жардам берет.