"Такталбаган жердеги курулуш токтотулду". Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасындагы абалды айтты

Кечээ, 16-декабрда Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыккан болчу. Маалыматты мамлекеттик чек ара кызматы да ырастаган. Эки тараптын жаңжалы такталбаган жерге тажик тарап курулуш иштерин жүргүзгөндүгүнө байланыштуу чыкканы маалымдалган.

Бүгүнкүгө карата чек арада абал тынч экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты. Анда айтылгандай, кечээ чырдан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары болуп жолугушуу өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгында, такталбаган жерге ал такталганга чейин курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотуу чечимине келишкен.

"Андан кийин топтолгон элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эл тарап кетти. Учурда чек арада абал тынч", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2019-12-17 09:39:38
Тажиктер менен келишкен келишимди эртелетпесек булар сөзгө тушунбогон калк
+3
Alimbek1000
2019-12-17 09:41:33
Тажиктер тажаттыңар. Жер саткыч Мадумаровду алгыла да тынчып калгылачы. Биз силерге жер бербейбиз.
-3
Jaznura
2019-12-17 09:42:41
Кыргыз -тажик чек арасында байма-бай чатак чыгып турат. Бул маселе качан гана чек ара такталып тосулуп алынмайынча чатак чыга берет. Азыркы күндө талап кылынган нерсе элдин тынчтыгы жана аймакты тактоо аркылуу делимитация жана демаркация иштерин улантуу.
+2
Absamat-90
2019-12-17 09:46:05
Тынчтык эле болсун.Документ иштери оной эмес, тем более чек ара жаатында. Арыдан бери карап кол коюп сала тургандай.Дал ошол жерден Кыргыз мамлекетти башталат. Келечек муунга татыктуу коопсуз олко калтыруу керекпиз. Буга чейин 4 президент бизге калтырган белеги ушул болду.
-1
Dembele84
2019-12-17 10:13:30
Абал тынч,баары жакшы деп отура бербей серьёзно киришкилечи ушул чек араны тактаганы,башка ишти токтотуп коюп!
+2
Nurik1988
2019-12-17 10:49:18
Жаны жылдык Ёлкага кеткен акчанын, ордуна зым алып тосуп салгылачы чек араны тактап,
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан