Акыркы 10 жылдыкта эң белгилүү болгон мобилдик тиркемелердин рейтинги жарыяланды

"App Annie" аналитикалык компаниясы акыркы он жылдыкта эң белгилүү болгон мобилдик тиркемелерди жана оюндарды атады. Рейтинг аталган компаниянын сайтына жарыяланган.

Белгилүү болгондой, эң көп көчүрүлгөн тиркемелердин сап башында Facebook, Facebook Messenger жана WhatsApp турат. Ошондой эле алдыңкы бештикке Инстаграм жана Snapchat да кирген. Ал эми колдонуучулардын арасында эң белгилүү болгон оюн Kiloo компаниясы иштеп чыккан "Subway Surfers" оюну болгон. Экинчи орунда "Candy Crush Saga" оюну турса, үчүнчү орунга "Temple Run" кирген. Ал эми "My Talking Tom" жана "Clash of Clans", "Pou" оюндары алдыңкы бештиктен орун алган.

Мындан сырткары, аталган компания экономикалык жактан эң кирешелүү болгон мобилдик тиркемелердин рейтингин да жарыялаган. Тизмеде биринчиликти "Netflix" сервиси алса, экинчи орунга "Tinder" таанышуу тиркемеси чыккан. Ал эми үчүнчү орун "Pandora Music" тиркемесине буюрган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2019-12-18 15:24:44
PUBG mobile кошуп койушпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан