АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өлкө башчысын бийликтен алуу үчүн добуш беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, добуш берүү 19-декабрга караган түнү болгон. Дональд Трампка импичмент жарыялоо "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "конгресстин ишине тоскоолдук жаратуу" беренесинин негизинде добушка коюлган. Биринчи берене боюнча 230 өкүл макул деп добуш берсе, 197 өкүл каршы деген добушун берген, ал эми үчөө добуш берүүдөн баш тарткан. Ал эми экинчи берене боюнча 229 макул десе, 198и каршы добуш берген. Бир өкүл добуш берүүдөн баш тарткан.
Дональд Трампка импичмент жарыялоого макул болгондордун көбү демократиялык партиянын өкүлдөрү, ал эми каршы добуш бергендер республикачыл партиянын өкүлдөрү. Эми Дональд Трампты аталган берененин негизинде бийликтен алуу же ордунда калтыруу маселесин Сенаттын талкуусу чечет.
Дональд Трамп импичментке кабылган үчүнчү президент болууда. Буга чейин импичмент 1868-жылы президент Эндрю Жексонго жана 1998-жылы Билл Клинтонго жарыяланган. Бирок Сенат экөөнү тең актап чыккан.