Бүгүн, 20-декабрда мурдагы депутат Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кармалышы боюнча маалымат жыйын өтүп жатат. Анда жабырлануучумун деген Кытай жараны Мотайлифу Маймайтямин жана жактоочусу Жанара Аскар кызы абалды айтып беришүүдө.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ширин Айтматованын күйөөсү алдамчылыкка шектелип кармалганын маалымдаган болчу.
Алар Кыргыз өлкөсүндөгү жаранга алданып калышканын, буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылышканын айтышты.
"Өлкөгө келген инвесторлорго ушундай мамиле жасасак, алдасак анда өлкөнүн экономикага да, инвесторлук климатка да терс таасирин тийгизүүдө", - деди жактоочу.
Экс-депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жолдошу дайынсыз болуп жатканын билдирген. "Биздин атабызды Алматынын аэропортунан белгисиз адамдар кармап кетишти. Балким уурдап кетишти. Эч ким эч нерсе айтпай жатат", - деп жазган Айтматова.