Саясат таануучу Марс Сариев: "Кулматов менен Ибраимовго чыккан өкүм саясий чечим болушу мүмкүн". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анда Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып пул төлөө милдеттендирип, сот залынан бошотулду. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кулматов сот залынан бошотулуп, Ибраимов 15 жылга соттолду. Экс-мэрлерге чыккан өкүм калыс болдубу же саясий чечим болдубу?" деген собол салды.

Саясат таануучу Марс Сариев экс-мэрлерге чыккан өкүм саясий чечим болушу мүмкүн деген пикирде.

"Чын эле кызык болуп жатат. Эмне үчүн Кулматовду бошотуп салып, Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратты? Бул саясий чечим болушу мүмкүн. Президенттердин Санкт-Петербургда жолугушуусу болду. Кулматовдун Орусия менен тыгыз байланышы бар. Бул чечимге орусиялык фактор таасирин тийгизди болуш керек", - дейт Марс Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан