Маркум 55 жашта болгон. Бишкекте жолдон тайгаланып, маршруттук унаанын алдында калган аялдын окуясы

Бишкекте жолдо кетип бара жаткан аял тайгаланып жыгылып, Мерседес-Бенц унаасынын дөңгөлөгүнүн алдына кулап түшкөн. Маршруттук таксинин айдоочусу аны байкабай тебелеп кетип, жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон. Маркум 55 жашта болгонун Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"25-декабрда Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүндө аял тайгаланып жыгылып, маршруттук унаанын алдында калган. Маркум 1964-жылы туулган Ш.В. аттуу жаран экени аныкталды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене (автотранспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Учурда тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Айдоочу кармала элек", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asad9
2019-12-26 13:39:43
Кыргызстанды ушундай эшектер басып кетти го.
-14
Bars88
2019-12-26 14:55:26
asad9,Сен асмандан туштунбу кокустук атайы тебелейин деп тебелеппи.Видеосун кордум маршрутка жылганда жыгылды аял
+17
milan-707
2019-12-26 22:22:44
asad9,дунбул
+2
al-abu-kinesz
2019-12-26 13:40:45
Урматтуу пешеходдор кышында машиналардан этият болгула. Туура пешеход прав бирок правмын деп элике окшоп жолдон чыга калбай келаткан машинага карап чыккыла айланып кетейиндер. Гололеддо айдоочу озу да тормозуна ишенбей келатканда абайлап чыккыла.
+29
malsirun
2019-12-26 21:34:16
До начало перехода пешеход обьязан убедиться что выход на проезжую часть безопасен(п.17.2.пдд)
+3
Shaa-82
2019-12-27 10:01:22
Кечээ инстаграммдан видео кордум эле анда оронгон ак курткачан кыз элего 30 жаштар чамасында деп берип аткан же ал башка беле? Эхх жаман иш болуптур. БИр заматта эле жок болуп калса,((( балдарына сабыр берсин Аллахым!
0
meni_kut
2019-12-27 11:14:44
Супер инфо мезгилден артта калдынарбы?Кочкор атада кочого ташталган наристе тонуп олуптур,атасы кармалыптыр.Эмнеге ыргытышыпкан экен баланы ,билип берсенер.Мурдакыдай оперативдуу иштесенер,же журналисттер алмашып кеткенби? Наристеге жалко...(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан