Чыпалак баатыр: "Шоу чөйрөдөн биротоло кетип жатам"

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." долбоорунун катышуучусу, көпчүлүккө "Чыпалак баатыр" каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов жакында эле чыгармачылыкка аттанганын жарыялаган. Бүгүн ал шоу чөйрөдөн биротоло кетип жатканын жар салды. Зарылбек Аликенов мындан ары же дыйканчылык менен алектенерин же чет өлкөгө кетерин айтат.

"Кыска убакыт аралыгында кыргыз элим менен болдум, болгон өнөрүмдү тартуулап, толук ачыла албасам дагы "Чыпалак баатыр" каймана атым менен из калтырдым деп ойлойм.

Кечээ Инстаграмдан көпчүлүк колдонуучу менин шоу чөйрөдөн кетишимди айтышты. Жалпы элдин сунушу менен шоу чөйрөдөн кетүүнү чечтим. Буга чейин көп эле мактоолор болгон, колдойбуз деген пикирлерин жазышкан. Бирок алар колдобой эле көрө албастык кылышыптыр, буттан тартып турушат экен.
Сыйлуу сыйлык беребиз дегендер дагы болду. Анысына акча сурашты. Эгер сыйлык үчүн акча сурабаса, мен жыл сайын "Жыл адамы" же "Жылдын эң мыктысы" деген наамдарды четинен алмакмын.
Ушундай көрүнүштөрдөн кийин менин Кыргыз өлкөсүндө эч кимге керегим жок экенин сездим. Мындан ары эл алдына чыкпай дыйканчылык кылам же чет өлкөгө кетем", - дейт ал.
Зарылбек Аликенов саясатка дагы аралашпай турганын кошумчалады.

Буга чейин Зарылбек Аликенов менеджери менен биргеликте "Бул жашоо, өмүр бир келет" аталышындагы чыгарманы аткарып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Abdizhapar
2019-12-26 22:37:53
Азамат туура кыласын жыл дыйканы болосун
-4
Paol
2019-12-26 22:44:57
Кээ бир адамдарга караганда Чыпалак баатырдын жан дүйнөсү таза деп эсептейм,баарыныздардан суранаарым шылдындабаныздар.Бизди да шылдындай турган адам табылат.Унутпаныздар биз бирөөгө кандай мамиле кылсак бизге да ошондой мамиле кыла турган адам табылат!!!
+9
bond02
2019-12-26 23:02:01
Мейли Чипа бактынды башка жактан изде. Бирок жылдын мыкты адамы кылам деп ким акча сурады ачык айтып койсон жакшы болмок да, ошол коррупционерди билип алат элек.
+7
samirabi
2019-12-26 23:49:40
Жаш бала кыял адам экен да бул
+4
keku00
2019-12-27 00:30:51
Йехууу , бугун той) дыкын-дысын
-4
Baktyluumun98
2019-12-27 01:20:27
Аман болунуз. Кетпей эле коюнуз. Ар ким оозуна келгенди айта берет. Эч кимден сурабай эле, ишинерди уланта бергиле. Жан дуйнонуз таза, мыкты адамсыз.
+6
Istina1000
2019-12-27 02:01:13
Ар бир адам озунчо бир особа. Чипа деле жаман адам эмес. Озун жакшымын деп ойлогондор ар кандай жаман иштерди кыдып атышпайбы. Андыктан, жамандык кылбаган адамга сын айтып кереги жок. Ар кимдин озунун тандоосу. Дыйкан болобу, мигрант болобу бул анын тандоосу. Мумкун жакшылап аракет кылганда алдыга карай жылмак
+2
rususu
2019-12-27 02:21:08
Кыш келди демек дыйканчылык кылыш керек,жазында кайрадан оз ишине отоорсун.Жаны нерселерди ойлоп таап.
-2
amin1986
2019-12-27 08:31:06
Журогу таза адамда бул озу,
+2
boston___
2019-12-27 11:30:46
кичине тантырап суйлогону болбосоле журогу таза карангылыкты билбеген жигиттей
+3
KG-zigit
2019-12-27 12:57:03
Заке(чыпалак) досум келчи россияга бир эки двор таап берейин,болбосо баары эле келекелеп атыгат окшойт сенин талантынды баалабай
0
eddi.
2019-12-27 13:59:31
Кайрат кыргызды ала кетсең жакшы болмок
+1
CHingiz90
2019-12-27 14:22:10
Эң туура чечим,айылыңа барып молдого өзүңдү окутуп намаз окуу.
0
al-abu-kinesz
2019-12-27 14:38:47
Таарыныптыр Чыке.
+1
ere
2019-12-27 14:56:46
бул ошол чойродо беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан