Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборуна убактылуу пайдалануудагы жер бөлүп берүү маселеси боюнча түшүндүрмө таратты.
"Акыркы күндөрү аталган маселе боюнча ар кандай маалыматтар тарап жатат, андыктан Футбол федерациясы бул боюнча түшүндүрмө берет.
Футбол федерациясында эл аралык футбол уюмдардан кайтарымсыз гранттык каражат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш үчүн акыркы жылдын ичинде Футбол борборун куруу үчүн убактылуу колдонуу үчүн жер бөлүп берүү өтүнүчү менен федерация расмий түрдө Бишкек мэриясына бир нече жолу кайрылган. Ал борбор курулуп бүткөндө мэриянын балансына өтмөк. Долбоорду ишке ашыруу этабында (документтерди чогултуу, курулуш жана андан ары колдонуу) жер тилке дайыма мэриянын менчигинде болот. Грантты берип жаткан ФИФАнын шартына ылайык, жер федерациянын менчигинде болбосо да болот, жер акысыз колдонуу боюнча башка формада да берилсе болот.
Бул сөзүбүзгө далил келтире турган болсок, Ош шаарында иштеп жаткан Футбол академиясы мисал боло алат. Ал жер узак убакытка акысыз колдонууга берилген, бирок Футбол федерациясынын менчигинде эмес.
Бишкек мэриясынын 27-декабрдагы маалыматында грант бөлүп берүү боюнча тиешелүү документтерди көргөзүү шартын койгон. Биринчиден, мэрия документтерди кандай формада сурагандыгы боюнча суроо туулат, кат жүзүндөбү, билдирмеби же расмий кайрылуу мененби?
Экинчиден, Футбол федерациясы гранттын өлчөмү долбоордун өзүнөн көз каранды, жердин аянтына жана анын конфигурациясына ылайык экенин билдирет. Ошондой эле долбоордун документи, эскизи, жумуш долбоору жана сметалык документтери жок болсо ким грант берет? Аларды түзүү үчүн бөлүнүп берген жер менен түзүлөт.
Чындыгында, бизге бир катар жерлер сунушталган, бирок объективдүү шарттар менен жарабай калган.
- Ак-Өргөдөгү 3,5 гектарлуу жер. Футбол борборун куруу үчүн 8-10 гектарлуу жер керек.
- Кара-Жыгач сейил багы. Бул жер токой-парк аймагы, курулуш иштери үчүн бак-дарактар кыйылса, шаардын экологиясына таасир берет.
-11-кичи райондогу карьер. Анын тереңдиги 80 метрдей, аны толтуруу үчүн эле бир канча жылдык иш жана гранттык каражат коройт.
- Аламүдүн районундагы жер. Бул жер мэриянын карамагына кирбейт.
- "Эмгек резерви" спорттук комплекси. Бул жер дагы мэриянын карамагында эмес, Билим берүү министрлигинин карамагында.
Футбол федерациясы калп жана бурмаланган маалыматтарга ишенбөөнү суранат. Бул маселе боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө, кырдаалга туура түшүндүрмө берүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.