Сабак алса болчудай! Өзбекстанда шаан-шөкөт менен той өткөрүүгө тыюу салынды

Январь айынан тартып Өзбекстанда шаан-шөкөт коштолгон тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Мындан ары үй-бүлөлүк иш-чаралар 3 күн аралыгында саат 06:00дөн 23:00гө чейин гана өткөрүлөт. Аш берүү убактысын аймактардын шарттарына ылайык, район жана шаардык эл депутаттар кеңеши аныктайт. 23:00дөн кийин үйлөнүү той, үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүгө болбойт. Той өткөрчү адамдар 1 апта мурун жашаган аймагында өзүн өзү башкаруу органдарына билдириши шарт. Ошондой эле маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. Үй-бүлөлүк иш-чарага 200, ашка 250 кишиге чейин катышса болот. Акыркы сапарга узатуу, эскерүү кечелеринде катышуучулардын саны чектелбейт.

Андан сырткары, эки жашты коштоп жүргөн унаалардын саны 3төн ашпашы керек. Эгер тойго 50дөн ашык конок келсе, той өтчү жер менен келишим түзүлөт. 2ден ашык ырчы же музыкалык топту гана чакыра алышат жана алар менен да милдеттүү түрдө келишим түзүлөт. Мунун баарын депутаттар, махалла жарандар жыйынынын башчысы жана укук коргоо органдары көзөмөлдөйт. Шаан-шөкөттүү той өткөргөн жарандарга айып салынат.

Сабак алса болчудай! Өзбекстанда шаан-шөкөт менен той өткөрүүгө тыюу салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Petrovka
2020-01-02 16:02:59
Сонун го. Бизге ушундай закон керек.
+26
erlan2196
2020-01-02 17:49:48
Petrovka,
Той деле, күлкү деле шан шөкөт болуп турганы жакшы. Бирок чеги менен.
-7
elchi84
2020-01-02 16:10:53
Бул закондон дагы биздин чондор озулору биринчи баштап бериши керек .
+15
baiazat
2020-01-02 16:20:51
Чон—Чон рестарандар чондордукуда, бизнеси журбой калат мындай кылса. Биз сабак алалбайбыз...
+27
Kyrgyz_bloger
2020-01-02 17:06:41
Биз эмне болсо эле чондорго шылтап конуп калдык да,эл озу ээрчиме да,бири бирин коруп куру намыска кыла берет,аларда диктатура,бизде тыю салсан азыр коп адамдар демократия деген созду жаттап алган,алардын элин оной эле коркутуп коет экен,биздин эл ээнбаш коркутуш кыйын.
+22
munduz2016
2020-01-02 18:18:16
Сузактык өзбек туугандар шаан-шөкөтсүз өткөрүп жатканына кеминде 10 жыл болду. Баамдат намазынан кийинкиге элди чакырат. Эрте менен 10до эл тарап бүтөт. А бизде болсо кечке эмес 2-3 күн той болот.
+4
Absamat-90
2020-01-02 19:19:24
Атаандашуу күч бизде.Андан мен өтөм деген. Кредит алып той кылганды токтотсок эле биз бутка турабыз. Экинчиден той бул элдин бардар жашоодо жашаганынан кабар берет. Эч нерсеси жок адам той бералмак эмес.
+1
Bekish-
2020-01-02 19:22:30
Мен уйлонгучо ушундай кылып койсо экен
+9
Islambek123
2020-01-02 19:36:18
Биз эшектей иштеп,бар тапканыбызды чачып, жетпесе карыз алып,кредит алып той откоробуз.Тойго канча адам чакырсак баары сынчы,антсе болмок,минтсе болмок мага жетпей калды,абсындар,келиндер,каин журт,тага журт,эри менен аялы,кыскасы комедия той болот да бир айдан кийин Россияга жонойбуз байкуш болуп, кыскасы ушундай.
+4
chake
2020-01-02 19:56:46
Өзбектерге эч качан суктанбай эле койгула мындан 10 жыл мурда Каримовго каршы митинге чыккандарды Каримов танка менен аттырып үстүнө аз келгенсип Танк менен тебелетип бир айылды жоготуп жиберген бизде андай нерсе болсо карап турбайт эл
-3
Tursunbaev2017
2020-01-02 23:04:39
chake,төө десе,бээ дейсиңго,эч ким суктанган жок,үлгү алыш керек деп атат
+6
Arstan18.18
2020-01-03 17:02:02
chake,рас кылыптыр не чыгат бироого баш берип тынч отурбаса ошентип коет! Биздеда митингде жалан бекер тамактар молот! ***байдын эшигиндеделе журуштуго бекер тамак акча алып
0
elb_2121
2020-01-02 20:05:21
Чондор ачка калат чиновник депутаттар ачка калат эгер бизде ушундай мыйзам чыгарса
+2
guard
2020-01-03 04:51:10
elb_2121, Чондор десен чочколор деп окуп алыптырмын, аларын ачка калбайт, бирок ич купту болуп тоюп, оозунан, котонунон (жымсалдап айттым да) чыгып турса да дагы-дагы дей беришет...
0
kansuluu
2020-01-02 23:00:09
Түшүнбөдүм, чектегени ушулбу? Бир гана коштоочу машиналары азайыптыр, калганы ошол эле бойдон.Кагаз жүзүндө эле айтышат, кептин баары жасашта.
-2
bessmertiy
2020-01-03 18:42:29
Бизде мындай болсо ставка коюшуп алат, мынча сом бер да каалаганыңдай өткөрө бер деп. Айыл башчылар менен аймакты тескөөчүлөрдүн күнү тууп калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан