Бүгүн, 8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулаган. Учактын кыйрашына кыймылдаткычтын күйүп кеткени себеп болгону айтылды.
Учактын кулашына Ирандын АКШнын аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку ургандыгынын тиешеси жок экенин "Украинанын эл аралык авиакаттамдары" компаниясы Украинанын элчилигине кабарлаган. Ошондой эле аталган авиакомпания Тегеран-Киев каттамына 168 жүргүнчү отурганын, бир нече адам бортко түшпөй калганын билдирген. Учакта 9 экипаж мүчөсү болгон.
Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болгондугу белгилүү болду. Жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Алардын арасында Ирандын 71 жараны, Канаданын 73 жараны, Улуу Британиянын 3 жараны, Германиянын 4 жараны, Швециянын 8 жараны, Ооганстандын 6 жараны жана Украинанын 2 жараны бар экендиги аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырсыкка учураган учакта Кыргыз жарандары бар же жок экендигин тактап жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, учакта Кыргыз жарандары жок.