Дональд Трамп Ирандын ракеталык-бомбалык соккусунан кийин элге кайрылып жатып, "мен президент болуп турганда, Иран өзөктүк куралга ээ боло албайт" деп сөзүн баштады. Анын айтымында, бул чабуулда америкалык бир дагы жаран каза болгон жок, алдын ала эскертүү системи жогорку деңгээлде иштеген деп билдирди.
Трамп өзүнүн кайрылуусунда Иран америкалык базага анча маанилүү эмес сокку урганын айтат. "Иран артка чегинди окшойт, бул дүйнө жүзү үчүн жакшы нерсе", - деген ал.
Мындан тышкары, президент АКШ Иранга карата күчтүү санкцияларды киргизерин кошумчалап, Улуу Британия, Кытай, Германия, Франция жана Орусияны Иран менен жаңы келишим түзүүгө чакырды.
АКШнын президенти НАТОго кайрылып, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү процесстерге активдүү катышуусун суранарын билдирди.
Иран мамлекети 8-январга караган түнү АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасаган. Чабуулдун кесепетинен 80 адам каза болгондугун чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.