Бишкекте үй-бүлө куруу максатында кыз ала качкан 19 жаштагы жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиргендей, окуя 2019-жылдын 29-ноябрында орун алган.
"2019-жылдын 29-ноябрында Октрябрь РИИБине Ш. М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 29-ноябрь күнү кечинде Көк-Жар кичи районундагы тигүү цехтеринин биринен Р. Э. аттуу кызды (өз каалоосу менен эмес) белгисиз адамдар ала качып кетишкендиги айтылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө, издөө иштеринин алкагында Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Т. У. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дейт маалымат кызматынан.