super.kg logo

Таластан жарадар болуп алып келинген ак илбирске Жаабарс деген ат берилди. Учурда анын абалы жакшы экени айтылды

 

Таласта жарадар болуп, Бишкекке алып келинген ак илбирстин абалы жакшы. Ага Жаабарс деген ат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өткөн маалымат жыйында айтылды. Анда жарадар болгон ак илбирстин бүгүнкү күндөгү абалы жана ал ким тарабынан табылып, кандай шартта борборго алып келингендиги тууралуу кенен маалымат берилди.

Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Талас аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Дуулат Бердалиев ак илбирсти биринчилерден болуп Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну Куттубек Эркебаев тапканын айтат.

"Жарадар болгон илбирс тууралуу маалымат бизге саат 16:20да түшкөн. Анда токойдун 36-контурундагы талдын башында ак илбирс илинип турганы айтылган. Маалымат түшөрү менен биздин эколог инспектор аны көрүүгө барган, биз барганча эл да чогулуп калыптыр. Биз башка мамлекеттик органдарга кабар билдирдик. Андан соң теректин башынан илбирсти түшүрүү аракеттерин жасадык. Бир сааттан кийин илбирс өзү түштү. Теректин башында отурганда эле илбирстин жарадар экенин билдик. Анткени жерде кандын тамган тактары көп экен. Илбирс түшкөндөн кийин көзүнөн кан агып турган экен. Аны тургундар менен биргеликте кармадык. Биотүрдүүлүктү жана айлана-чөйрөнү коргоо биримдигинин кызматкерлери келгенче, Таластагы Көк-Кашат айылындагы салбуурунга катышып жүргөн Бекен деген байкенин үйүнө алып келип, капаска киргиздик", - деди Бердалиев.

Ал эми биотүрдүүлүктү жана айлана-чөйрөнү коргоо биримдигинин ветеринары Бакыт Ажыбеков ак илбирстин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу айтып берди. "Алгач илбирстин эмнеден жарадар болгонун билген жокпуз. Бишкекке алып келгенден кийин рентгенге тартуу тууралуу чечим кабыл алдык. Илбирсти Кыргыз улуттук агрардык университетине быйыл алып келинген заманбап рентгенге тарттык. Тартканда эле 60тан ашык октун бытырасы бар экени аныкталды. Ошол эле күнү бир сааттан кийин операция жасадык. Операция жакшы өтүп, 18 бытыра алынды. Тилекке каршы, бир көзү соолуп калыптыр. Ал көзүнө эки ок киргендиктен, ушундай абалга тушугуптур. Экинчи көзү дагы жакшы көрбөй турат, бирок бүгүнкү күндөгү абалы жакшы. Учурда көзөмөлдө каралып жатат. Илбирске Жаабарс деген ат койдук. Жаабарс көп убакытка дейре реабилитациядан өтүүсү керек", - деди ал.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
13.01.2020. 14:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-03-2015
Соӊку аракети:
29-01-2020 19:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал- Абад
+4
Жаабарсты аткан Чаарбашты таппайсыңарбы эми
13.01.2020. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-08-2019
Соӊку аракети:
29-01-2020 21:43
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыздар!
13.01.2020. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
693
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
29-01-2020 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаабарска экинчи жашоону бергиле. Суротун киргизип койсонор болмок экен И.Ж.деп.Азаматсынар!
13.01.2020. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
13-01-2020 17:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Бакыт Ажыбеков менин агайым эн кыйын мугалым
13.01.2020. 18:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
29-01-2020 18:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар, эми Жаабарсты жалгыз койбой, жумгалдан келген ак илбирс экоон уйлоп койгула. Сооп иш болот
13.01.2020. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-01-2019
Соӊку аракети:
19-01-2020 15:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЛИВЕРПУЛЬ
+4
Кожожашты качан табасынар?
14.01.2020. 01:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
401
Катталган:
06-08-2015
Соӊку аракети:
29-01-2020 14:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра конгон жерине коё берилеби, сепур инфо сурап берсенер. Же зоопаркта, капаста камалып омуру отобу байкуш илбирстин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136762;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: