Кечээ, 13-январь күнү баласын көтөрүп ооруканага барган эненин дарыгерге асылып, "балаң өлүп калсын!" деп каргаган видеосу чыккан. Бүгүн окуяга катыштыгы бар дарыгер жумуштан кеткендиги тууралуу маалымат тарады. Окуя орун алган №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова SUPER.KG порталына коомчулукка туура эмес маалымат тарап кеткендигин билдирди.
"Бүгүн айрым журналисттер дарыгерди жумуштан өз каалоосу менен кетти деп жазышыптыр. Андай болгон эмес. Дарыгер кадимкидей графикте иштеп жатат. Ал жумуштан кетүү тууралуу арыз да жазган эмес", - деди дарыгер.
Эске салсак, аталган окуя боюнча буга чейин дарыгер кыйкырган келиндин үстүнөн арыз жазып, кайра арызын кайтарып алган.