Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Адил Чекиловдун карындашы каза болду

Легендарлуу “Элес” тобунун ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Адил Чекиловдун бир тууган карындашы Нургиз Чекилова каза болду. Маркум бир канча жылдан бери жаз ырчысы болуп эмгектенип жүргөн. Маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов тастыктап, буларга токтолду.

"Нургиз Чекилова Адил Чекиловдун карындашы. Маркум дагы чыгармачыл чөйрөдөн, жаз ырчысы болчу. Бир жыл мурда ооруп жүрөт деп уктум. Жакында эле "Жөө күлүк" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө барганда сүйлөшкөнбүз, жакшынакай эле болчу. Кечээ, 14-январда комага түшүп, чыкпай калыптыр. Маркумду акыркы сапарга узатуу эртең, 16-январда Бишкектин Асанбай кичи районунда болот", - деп билдирди ырчы.

SUPER.KG порталы Нургиз Чекилованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан