Депутат Төрөбаев: "Элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керек"

"Элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керек" деп бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

"Кыргыз жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү түздөн-түз өкмөттүн милдети. Элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керек. Билим менен баалоо зарыл. Өкмөткө айтат элем көз карашты өзгөртүш керек. Келечекте 4-өндүрүштүк революция келе жатат. Жаңы ойлор, жаңы билим келет. 153 кесип жок болот деп айтып жатышат. Билим берүү тармагын терең изилдөө шарт. Билим берүү системин башкача караш керек. Келечекте кайсы кесип керек болот деп аныктоо зарыл", - дейт Төрөбаев.

Ошону менен катар эле депутат парламенттик шайлоо жакындап келе жатканын айтып, босоголук чек маселесин чечип коюу керектигин билдирди.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айылдарда элдин жашоосу жакшырып, 3-4 жылдан бери жолугушууга эшек эмес, ат минип келгендер жок экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Absamat-90
2020-01-16 10:22:33
Шайлоо жакындаган сайын эл козуно корунуу онокоту башталды. Торобаев шайлоодо берген убадаларын бирин аткарган жок тилекке каршы.
+14
Altyn.bala
2020-01-16 11:00:41
Absamat-90,Соргонбай экообу?
+8
Absamat-90
2020-01-16 11:46:39
Altyn.bala,кайнаса каны кошулбайт
-6
Jaznura
2020-01-16 10:26:16
Бакыт Төрөбаев жөнөкөй айтылган создүн маанисине барбай өзүн көрсөтүү кампаниясын баштаган сыяктуу. Өкмөттү даярданып келсин дейт өзү эмне кылып жатат?
+11
Alimbek1000
2020-01-16 10:29:38
Шайлоо жыттанат го депутаттар сүйлөп калганына караганда.
+12
chake
2020-01-16 10:37:13
Төрөбаев бул жанагы шайлоодо концерт койчуу балабы шайлоо жакындап дагы концерт шоу уюшурса барабыз бирок муну вооще колдоойм эл үчун деп кыйкырган менен колунанм коко да келбейт экен
+9
Altyn.bala
2020-01-16 11:01:29
chake,Соргонбай шайлоодо мыйзамсыз Раимдин акчасы менен откону эсинден чыгып кеттиби?
+3
Djumahmatov
2020-01-16 12:51:12
Даары болсун
+4
JaneEr
2020-01-16 12:52:45
Спектакль
+3
PROS
2020-01-16 18:51:02
Ашанын дарысы эми таасир эткен окшойт Төрөбаевке)))
+3
DanilAylin
2020-01-17 00:44:58
ооба да шайлоо жакындаганда ундору чыга баштайт катуулап, бирок К.Боронов туура эле ойдо суйлогон экен ат эшек менен баалабай эле заман онугуп жатат,алдыга жылыш бар дегендей суйлоптур.Анан аны ото катуу сынга алуунун деле кереги жок го
0
katerina.li
2020-01-17 21:00:29
Азыр эл мындай кооз создорго ишенбей калды
0
katerina.li
2020-01-17 21:00:38
Твой поезд ушел
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан