Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү февраль айында башталышы керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Жаманкул Жунусов айтты.
"Кой-Таш окуясы боюнча тергөө бүттү. Эми иштин материалдарын топтоп туруп, аны менен таанышуу процесси жүрөт. Иш боюнча жалпы 50 том чогулуптур. Февраль айынын башында иш сотко жөнөтүлүшү керек. Андан кийин алдын ала уктуруулар башталат. Кандай болгон күндө да Кой-Таш боюнча соттук териштирүү башталышы керек. Анткени тергөө мөөнөтүн мындан ары создуктура алышпайт", - дейт жактоочу