Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралып жатат. Анда жактоочу Замир Жоошев: "мыйзам боюнча иште күмөн санаткан көрсөтмөлөр болгон, бул учурда сот "жазыксыздык жоромолун" колдонушу керек эле. Муну менен "жазыксыздык жоромолунун" принциби бузулууда", - деди.
Мындан тышкары, Жоошев иш конституциялык палатада каралгыча өндүрүштөн токтотуп турууну өтүндү. Сот кеңешүүгө чыкты.
Буга чейин 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечимин чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.