Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды. Отурумга иш боюнча өтүп жаткан бардык айыпталуучулар: мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов алып келинди.
Ошондой эле Свердлов райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыккан Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев катышты. Отурумдун жүрүшүндө судья жактоочулардын тапшырган апелляциялык даттануулары боюнча негиздерин укту. Мындан тышкары, судья айыпталуучуларга дагы оюн билдиргенге мүмкүнчүлүк берди. Ага карата мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков райондук соттун чечими, жалпы эле процесстин жүрүшү одоно мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, бул соттук отурумдун деле акыйкат өтүшүнө көзү жетпешин билдирди.
"Биздин жасаган ишибиз мыйзамга ылайык, Эл аралык укуктарга туура келгендей жасалган. Биз ушул багытта иштегенбиз. Мындан тышкары, өткөн соттук процессте мамлекетке келтирилген чыгым туура эмес эсептелгени аныкталганы менен, ал нерсе чечим чыгарууда эске алынган жок. Демек сот бүгүнкү күндө иштеп жаткан макулдашуунун жобосуна шек келтирүүдө. Мындай жагдай мени таң калтырууда. Бул жерде эмне жөнүндө айтам билбейм. Бул процесс саясий мотиви бар иш. Анткени биздин өлкөдөгү абалды көрүп жатам. Мен ишке төрагалык кылган сотторго эч кандай нааразычылыгым жок. Бирок мен бүгүнкү күндө соттор көз каранды экенин көрүп жатам. Өлкөдө саясий кырдаал өзгөрмөйүнчө, кандайдыр бир жаңы нерселер болот деп күтпөйм. Ошого байланыштуу кийинки соттук процесстерге катышуудан баш тартам. Менин кызыкчылыгымды иш боюнча жүйө далилдеримди жактоочуларым билдирип турат. Бирок мен акырына чейин күрөшөм", - деди Исаков.
Соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Кожомбердиев бар. Кийинки сотук отурум 22-январга жылдырылды.