Бүгүн, 20-январда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун "Азаттык", "24.kg" жана "Клооп" сайттарынын үстүнөн жазган арызы боюнча соттук отурум өттү. Сот отурумунда аталган жалпыга маалымдоо каражаттары бажыдагы аткезчилик чийиндер боюнча жарыялаган иликтөө тууралуу сөз болуп, тараптар элдешүүсү мүмкүн экендиги айтылды. Буга байланыштуу доогердин жактоочулары соттордон анын деталдарын талкуулоо үчүн тыныгуу сурашты. Сот отуруму 29-январга жылдырылды.
"Биздин позиция - бул чындыкка жетүү. Материалдык доого жыгуу азыркы тапта каралган жок. Буга чейинки процессте материалдык доого жыгуудан баш тартуу мүмкүн экендиги айтылган. Эгерде жоопкерлердин бири жарыяланган материалдарды четке кагып, калп деп билдирсе, анда арызды кайтарып алууга даярбыз дегенбиз.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу сот процесстери эки тарапка тең аброй алып келбейт. Азыр ар бир редакция элдешүү боюнча түрдүү варианттарды карап жатат.
"Азаттык" жарыялаган иликтөөсүн четке кагуудан башка элдеше турган варианттардын баарын карайбыз деп жатат. "24.kg" сайты жарыялаган материалдын темасын четке кагууга даяр экенин билдирди. Биз соттон редакциялар менен элдешүүнүн деталдарын талкуулап алуу үчүн тыныгуу сурадык. Биз кызыкчылыгын коргоп жаткан адамдар үчүн доодон акча өндүрүү негизги максат эмес, чындыкты алып чыгууну гана максат кылганбыз", - деди жактоочу Канатбек Азиз.
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун арызы боюнча соттук иштерге Татьяна Карыжинская жана Канатбек Азиз жактоочулук кылууда. Канатбек Азиз өз кезинде "Ата Мекен" партиясынын юристи катары таанылган.
Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.
Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.