Улуттук банктын төрагасы: "Өлкөдө банктык транзакциялардын коопсуздугун камсыз кыла турган дата-борбору ачылды"

Өлкөдө банктык транзакциялардын коопсуздугун камсыз кыла турган дата-борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.

"Дата-борбору - бул маалымат сактоочу имарат. Башкача айтканда, бул жерде ар бир жаран боюнча, ар бир транзакция боюнча маалымат чогулат. Мисалы, социалдык тармактар аркылуу бир нерсе издесең, андагы жарнамалык сайттар сиз жөнүндө маалымат чогултат. Мисалы, кайсы сайттарга барасыз, кайсы кийимдерди, машиналарды жакшы көрөсүз деген сыяктуу. Ошонун баары бир жерге чогулуп туруп, бир маалымат базаны түзүп калат. Бул маалыматты пайдалануу үчүн, көп маалымат сактоочу инфраструктура керек. Бүгүнкү күнү Улуттук банктын жаңы киргизилген дата-борбору жарандардын каржы транзакциялары боюнча маалымат чогултуу борбору болуп саналат. Улуттук банктын дата-борборунда транзакциялар боюнча бирдиктүү маалымат топтолуп, анализдөөгө даяр болуп калат. Экинчи жагынан бул дата-борбору бир гана Улуттук банк үчүн эмес, жалпы банктык систем үчүн арналган борбор. Белгилей кетүүчү нерсе, маалымат топтоодо персоналдык жеке маалыматтар чогулбайт, биз жалпы маалыматты гана топтойбуз. Андан жарандардын аткарган операциялары тууралуу бирдиктүү статистикалык маалымат ала алабыз. Анализ чыгарганга жакшы курал болот", - дейт Абдыгулов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан