18-августтан баштап Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттады. Муну Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов 20-августта бизге билдирди. Бензиндин АИ-80 үлгүсүнүн литри 50 тыйынга, АИ-92 1 сомго, АИ-95 2 сом 30 тыйынга, дизель майы 50 тыйынга көтөрүлдү. “Учурда өлкөдө күйүүчү майдын 80 миң тонна кору бар. Баалар мунай өндүрүүчү компаниялардын бааны көтөргөнү үчүн кымбаттады. Өндүрүүчүлөр 1 тонна мунайдын баасын 140 долларга көтөрүп жиберишти”,- деди Кулов.