Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев "Абдыраз" ЖЧКсы 3 миллиард сомдон ашык кошумча нарк салыгын төлөбөгөнү аныкталганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
Депутат Аалы Карашев төлөнбөгөн салык 6 миллиард сомдон аша турганын белгиледи. Ал бул сумма "Кумтөрдүн" бир жылдык салыгына жакын экенин айтты.
21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.