Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча кийинки отурум Биринчи Май райондук сотунда өтмөй болду

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 21-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурум жабык эшик артында болду. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бул процесске дагы катышпаганын анын жактоочулары айтышты.

Соттук отурумдан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв SUPER.KG порталына кийинки соттук отурум Биринчи Май райондук сотунун имаратында болорун билдирди.

"Бүгүнкү отурум дагы өтүнмөлөрдү келтирүү менен өттү. Күбөлөрдү чакыруу боюнча өтүнмө, отурумду сот залына жылдыруу тууралуу өтүнмөлөр келтирилди. Отурумда Рамзан Кадыровду, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Адам Делимхановду жана Жаныш Бакиевди күбө катары чакыруу боюнча билдирүүлөр айтылды. Аларды сотто же эл аралык табыштама боюнча алар жашаган өлкөдө күбө катары суракка алуу өтүнмөлөрү келтирилди. Аталгандар мурдагы вице-премьер Шамиль Атахановдун көрсөтмөлөрүндө эскертилип жатат да. Бирок сот андан баш тартты. Жактоочу тарап бул күбөлөрдүн Кыргыз өлкөсүндө же башка мамлекетте болсо дагы Батукаевдин иши боюнча суракка алынышын суранып, талап кылды. Бирок сот бул суроо-талапты канааттандырган жок", - дейт жактоочу.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
filis
2020-01-21 18:41:12
Азыркы Батукаев иши Атамбаевти жон гана жок кылуу учун Сооронбайдын ичинен ойлонуп чыгарлган. Азыр соттук чечимдер Асылбек менен Сооронбай Жээнбековтун кабинетинен же уйунон чыгарылып калган. Эгер азыркы Сооронбайдын кландык режиминде калыстык иш болгондо, Сооронбай оз ишин биринчи , Батукаевтен эмес, Раим Матримовторго окшогон, Асылбек деген инисинен баштамак. Мындай абийирсиз адамдын бийлик башына келип калаарын билгенде Сооронбайды эч ким шайламак эмес.
+1
Jaznura
2020-01-21 18:55:39
filis,сен кимдин ойлонулуп чыккан фейкисиң?
-1
Tymar
2020-01-21 19:31:48
Jaznura,
Фейктин баарын Соке ойлоп чыгарып жатат го. Азыркы соттор Сокенин гана жакындарын коргойт. Соке кетсин. Баардык чечимдер Асылбектин уктап жаткан болмосунон чыгарылып жатса, кантип элибиздин жашоо турмушу онолот.
+3
Alimbek1000
2020-01-21 19:01:23
filis, Атамбаев кезинде ойлонбой Батукаевди чыгарып ийген. Түбөлүк бийликте калчудай болуп каалаган мыйзамсаз аракеттерге барды. Сотторду каалагандай калчап каалаганын соттоп каалаганын чыгарып ийди. Эми ошол соттор Атамбаевдин өзүн соттоп жатат. Жашоо бумеранг жана ар ким өз кылмышы үчүн жооп берет!!
+3
Absamat-90
2020-01-21 19:03:25
filis,койчу ай калпынды алар суйлошуп жатканда сен жанында турдунбу?
+2
Alimbek1000
2020-01-21 19:03:47
filis, АША Кой-Ташты Республика кылам деп өтө катуу жаңылып калды. Аны коштоп жүргөн сага окшогон кошоматчылары аны жолдон кайтарыштын ордуна көптүрүп акыр аягында камакка тыгып тындыңар. Силердин ичиңер күйүп күл болуп жаткан убагы. Байкуштарым буканын этине тоюп жыргап аттыңар эле эми ачка калыптырсыңар да...
0
Jaznura
2020-01-21 18:56:38
Батукаевдин бошотулушу боюнча бардык буйрукту Атамбаев берип өзү көзөмөлгө алып турган.
+1
kanayym.92
2020-01-21 19:08:35
Батукаевди качырып кызыл килем менен, элди карызга батырып кантип хан сарайда отурду экен. Жээнбеков президент болбосо дагы канча кайран эл алданмак ууруларга.
-3
KG.Kushtarbek
2020-01-21 20:22:04
бул сериал качан бутот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан