Ошто тилемчилик кылган 6 жана 2 жаштагы балдардын ата-энеси укуктарынан ажыратылат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, балдарды тилемчилик кылууга таенеси чыгарган.
"Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 2013-жылы жана 2017-жылы туулган балдардын тилемчилик кылып отурган жеринен аныкташкан. Териштирүү учурунда балдардын ата-энеси ажырашканы, алар Ноокат шаарынан Кара-Суу районундагы таенесинин үйүндө жүрүшкөнү аныкталган. Балдардын таенеси аларды тилемчилик жасоого чыгарып койгон.
Алардын үй шарттарын кароо учурунда өтө оор шарттарда жашагандыгы аныкталган. Балдар эч жерде билим алышпайт. Милиция кызматкерлери ата-энесинин балдарына карата укуктарынан ажыратуу боюнча социалдык жактан коргоо башкармалыгына сунуш беришти. Экөө тең балдар үйүнө өткөрүлүп берилди", - деп кабарлашты маалымат кызматынан.