Жарандык активист Адил Турдукулов: "Президент менен катар парламент чоң укукка ээ, бирок Конституцияда жазылган укуктар жүзөгө ашпайт". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйыны өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун сот залынан бошотулганы боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту сындады. Ал бул боюнча ага сөз тийип жатканын айтты.

Насирбек Алмаматов 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган. Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган. Жогорку Сот 2019-жылдын 30-октябрында бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Андан соң ага издөө салынган.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйында "коррупцияга шектелип соттолгон Насирбек Алмаматов жогорку жактан буйрук берилгени үчүн сот залынан бошотулду, эл президенттен буйрук берилди деп ойлоп калды" деп прокуратура менен сот бийлигин сындады. Өлкөдө президенттик кызматтан жогору жак барбы?" деген собол салды.

Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов президент менен катар парламент чоң укукка ээ, бирок Конституцияда жазылган укуктар жүзөгө ашпай жатканын айтты.

"Чындыгында президент менен катар парламент чоң укукка ээ, бирок Конституцияда жазылган укуктарды жүзөгө ашырууга депутаттар барбай жатат. Бул нерсенин эки себеби бар. Биринчиден, парламентте мурда криминалдык чөйрөдө жүргөн делгендер, олигархтар, өздөрү коррупциялык схемага аралашкан мурунку аткаминерлер чогулган. Алар өкмөттүн үстүнөн да көзөмөлдөй албайт. Укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн аларга оор болуп жатат. Экинчиден, президенттин коопсуздук кеңеши аркылуу укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөлдөө дагы аларга чоң жолтоо. Укук коргоо органдары сын айткан, терс пикирин билдирген депутаттардын артынан түшүп, куугунтукташы мүмкүн. Депутаттардын толук кандуу көзөмөлдөөчү функцияларын аткарууга кудурети жетпей жатканы өкүндүрөт. Бул биздин саясий системдин бышып жетилбегени, саясий элитабыздын чийкилиги болуп саналат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан