КҮНСОБОЛ: Президент "Алмаматов жогорку жактан буйрук берилгени үчүн сот залынан бошотулду" деп прокуратура менен сот бийлигин сындады. Өлкөдө президенттик кызматтан жогору жак барбы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйыны өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун сот залынан бошотулганы боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту сындады. Ал бул боюнча ага сөз тийип жатканын айтты.

Насирбек Алмаматов 2018-жылы УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган. Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган. Жогорку Сот 2019-жылдын 30-октябрында бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Андан соң ага издөө салынган.

SUPER.KG порталы "Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйында "коррупцияга шектелип соттолгон Насирбек Алмаматов жогорку жактан буйрук берилгени үчүн сот залынан бошотулду, эл президенттен буйрук берилди деп ойлоп калды" деп прокуратура менен сот бийлигин сындады. Өлкөдө президенттик кызматтан жогору жак барбы?" деген собол салды.

МАСАЛИЕВ: "Сотко, прокурорго буйрукту бир гана президенттик аппарат бериши мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сотко, прокурорго буйрукту бир гана президенттик аппарат бериши мүмкүн экенин айтты.

"Президенттен жогору жак Жогорку Кеңеш. Парламенттин Конституцияга ылайык, функциялары өтө көп. Сотко, прокурорго буйрукту бир гана президенттик аппарат бериши мүмкүн. Балким аппаратта иштеп жаткандар аша чаап жаткандыр", - дейт Масалиев.

СООРОНКУЛОВА: "Жээнбеков Алмаматов акча менен бошотулган деп ачык айтса болмок"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президент Сооронбай Жээнбеков Насирбек Алмаматов акча менен бошотулган деп ачык айтса болмок деген пикирде.

"Жээнбеков Алмаматовду бошотуунун артында бирөө турат, анын бошотулушуна кызыкдар адам бар деп айтты. Бул жерде президент прокурорлор менен соттор өздөрү коррупцияга малынып жатса, ал акча менен эле бошотулуп кетти деп ачык айтса болмок. Мамлекет башчы прокуратура, сотко коррупцияга каршы күрөшкүлө деп айтып жатат. Соттогу жана прокуратурадагы коррупция менен ким күрөшөт? Ошол жердеги коррупционерлерди тазалаш керек. Таза адамдар келгенден кийин гана алар башка чөйрөдөгү коррупционерлер менен күрөшөт эле. Коррупционерлер кантип коррупцияга каршы күрөшмөк эле?" - дейт Сооронкулова.

ТУРДУКУЛОВ: "Президент менен катар парламент чоң укукка ээ, бирок Конституцияда жазылган укуктар жүзөгө ашпайт"

Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов президент менен катар парламент чоң укукка ээ, бирок Конституцияда жазылган укуктар жүзөгө ашпай жатканын айтты.

"Чындыгында президент менен катар парламент чоң укукка ээ, бирок Конституцияда жазылган укуктарды жүзөгө ашырууга депутаттар барбай жатат. Бул нерсенин эки себеби бар. Биринчиден, парламентте мурда криминалдык чөйрөдө жүргөн делгендер, олигархтар, өздөрү коррупциялык схемага аралашкан мурунку аткаминерлер чогулган. Алар өкмөттүн үстүнөн да көзөмөлдөй албайт. Укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн аларга оор болуп жатат. Экинчиден, президенттин коопсуздук кеңеши аркылуу укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөлдөө дагы аларга чоң жолтоо. Укук коргоо органдары сын айткан, терс пикирин билдирген депутаттардын артынан түшүп, куугунтукташы мүмкүн. Депутаттардын толук кандуу көзөмөлдөөчү функцияларын аткарууга кудурети жетпей жатканы өкүндүрөт. Бул биздин саясий системдин бышып жетилбегени, саясий элитабыздын чийкилиги болуп саналат", - дейт ал.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Үч адамга өлүм жазасын киргизиш керек"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев үч адамга өлүм жазасын киргизүү керектигин айтты.

"Эгер чындап келсе мен үч адамга өлүм жазасын киргизет элем. Бул биринчиси президентке, экинчиси сотторго, үчүнчүсү имамдарга. Анткени президент жалпы элдин, сот жеке адамдын, имам болсо Кудайга ишенгендердин тагдырын чечет. Алар туура эмес иш кыла турган болсо, үчөөнү тең атыш керек. Судьянын ушундай буйрук берилген дегени суу кечпей турган нерсе. Анда ал судья эмес, акмак. Анткени алар мыйзамга баш ийем деп ант беришкен", - дейт Мукар Чолпонбаев.

САРИЕВ: "Саясий абал курчуп, парламенттик шайлоо жакындаганда маалыматтык согуш башталат"

Саясат таануучу Марс Сариев саясий абал курчуп, парламенттик шайлоо жакындаганда маалыматтык согуш баштала турганын айтты.

"Президент сот иштерине аралаша албайт. Мүмкүн сот ката кетирип Алмаматовду чыгарып жиберишкен. Саясий абал курчуп, шайлоо жакындаганда президент тууралуу ошондой маалыматтар көбөйүп, маалыматтык согуш башталат. Мүмкүн Алмаматов сотту сатып алгандыр. Коомчулукта бул нерсени президентке чаптай беришет. Президент ага аны чаптабаш үчүн ушинтип айтып жатат", - дейт Марс Сариев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан