Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 24-январда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон Кыргыз-Тажик эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашып, жакынкы келечекке пландарды белгилешти.

21-январдан 25-январга чейин Бишкек шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун жолугушуусу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан