Депутат жыл сайын каржылык отчёт берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулата турганын айтты

Депутат Бактыбек Райымкулов жыл сайын каржылык отчёт берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулата турганын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 24-январда Жогорку Кеңеште калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатуу, алардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угууда билдирди.

"Коммерциялык эмес уюмдар ишмердүүлүгүн кайтарымсыз негизде берилген гранттык, бюджеттик, дагы башка акчалай каражаттардын эсебинен жүргүзгөндүктөн, алардын отчёттуулугу ачык жана түшүнүктүү болушу шарт. Ал аркылуу алар кандай иштерди жүргүзүп, кандай жыйынтыктарды жаратып жатканын көрүүгө болот. Жыл сайын каржылык отчёт берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатат, алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылат", - деди демилгечи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан