Парламентте коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү

Кечээ, 24-январда парламентте коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коомдук угууга Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Эргешов, Евгения Строкова, Аида Исмаилова, Умбеталы Кыдыралиев, Таабалды Тиллаев жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар Евгения Срокова менен Аида Исмаилова коммерциялык эмес уюмдар коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттин өнөктөшү болуп саналарын белгилешти.

Талкуу жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты. "Интербилим" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда коммерциялык уюм болуп эсептелген Суу пайдалануучулар ассоциациясы менен Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирикмесинин иш алып баруу маселеси боюнча тынчсыздангандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан