Өкмөт башчы: "Бүгүнкү күнү көмүскө экономиканын деңгээли кээ бир тармактар боюнча 50 пайызды түзөт"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык көрсөткүчтөрдү айтып, алар жарандык коом менен биргелешкен иштердин натыйжасында жетишилгенин белгиледи. Бул тууралуу ал мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эки жылдын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүн 70 миллиард сомго көбөйттүк. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшү 4,5 пайызды түздү. Быйыл биз 5 пайыз деңгээлге жетүү максатын койдук. Биз өз ишибизде өлкөнүн өндүрүштүк дараметин өнүктүрүүгө зор көңүл бурабыз. Акыркы мезгилде 477 жаңы ишкана ачылды. Анын 20сы ири болуп саналат. Эгерде биз бул багытты өнүктүрүү жолу менен барсак, анда Кумтөр кенинин ишинен көз каранды болбой калабыз. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе, учурдагы маанилүү милдет 260 миллиард сомду түзгөн тышкы карызды жоюу. Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чеги 2025-жылга туура келет. Анда 400 миллион долларын төлөө керек. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биз 7 миллиард 7 миллион сомду үнөмдөй алдык. Мындай жыйынтыктар тышкы карызды төлөө маселесин чечүүнү жеңилдетет", - дейт премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, финансылык милдеттерди чечпестен, социалдык маселелерди чечүү кыйын болот.

"Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, финансылык маселелерди бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аркылуу гана чечүүгө болот. Бүгүнкү күнү көмүскө экономиканын деңгээли кээ бир тармактар боюнча 50 пайызды түзөт. Салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүү көмүскө экономиканын деңгээлин бир кыйла кыскартат. Мында калкка биз жүргүзүп жаткан саясатты түшүндүрүүдө коомдук кеңештердин өкүлдөрүнүн үнү маанилүү роль ойноого тийиш", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан