Кытайда коронавирусту жуктуруп алган аял жугуштуу дарттан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу кытайлык "Sina" маалыматтык агенттиги жазып чыкты.
Жугуштуу вирус менен алышып айыккан аял 56 жашта. Ал дал ошол коронавирус тараган Ухан шаарында көп жылдан бери жашап келген. Маалыматка ылайык, аял 10-январь күнү өзүн жаман сезип, 12-январь күнү Шанхай шаарына келген. 15-январь күнү аны дарыгерлер ооруканага жаткырышкан.
Аялды текшерүүнүн жыйынтыгында анда жаңы вирустун алгачкы белгилери байкалганын, бирок мындай учур дарыгерлердин практикасындагы биринчи окуя эместигин, ушундай эле вирусту жуктурган пациенттер ушул аймакта катталып жатканын билдиришкен.
"Дарылоонун жүрүшүндө аялдын абалы жакшыра баштаган. Пациенттин дене табы беш күндөн бери калыбында сакталуу болгондуктан, эксперттик топ аны ооруканадан чыгаруу чечимине токтолушкан. Мындан сырткары, аялдын дем алуусундагы көйгөй дагы калыбына келген", - деп айтылат маалыматта.
Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.