Пикир келишпестиктен улам бычак сайып жиберген. Токтогулда киши өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы жаран кармалды

Токтогул-Терек-Суу унаа жолунан 300 метр алыстыкта белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү делинип 40 жаштагы жаран кармалганын, ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"17-январь күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Токтогул-Терек-Суу автожолунун 13-чакырымында, жолдон 300 метр алыстыкта сол колунун билегине чейин белгисиз жаныбар тытмалап, жеп кеткен адамдын жансыз денеси табылган. Маркумдун денесин кароо учурунда бир нече жолу курч нерсенин сайылган жараттары бар экендиги аныкталган. Киши колдуу каза болгон жаран Токтогул районунун 1979-жылы туулган М.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында, шектүү катары Токтогул шаарынын 1979-жылы туулган М.А. аттуу тургуну кармалды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2020-жылдын 11-январь күнү маркум менен ич ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, анын сол жак капталына бычак менен сайып жибергендигин билдирди.

Шектүү катары кармалган М.А. жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп билдирет маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан