Баткен облусунун Кадамжай районунда бычактан жаракат алып, ооруканага түшкөн 26 жаштагы баланын бир тууган агасы Өзгөрүш Молдоалиев SUPER.KG порталына кайрылды. Анын айтымында, инисинин окуясында милиция кызматкерлеринин реакциясы начар болуп жатканын айтат.
"Бир апта өтүп калды, иним бычактан жаракат алып ооруканада жатканына. Иним бул окуяга кошуна айылда өткөн тойго барганда кабылды. Алар кафенин алдында достору менен тамашалашып жатканбыз дейт. Бир убакта кафенин ээсинин баласы келип, "бул жерде эмне тамашалашасыңар" деп иниме бычак сайган. Бычак колунун күрө тамырларын кесип кеткен. Биз милицияга кайрылсак, шектүү баланы эки күн мурун кармашты. Ага чейин кабар алып коюшкан жок. Атам прокуратурага барганда гана кыймылдай башташты. Эми биз мындан аркы тергөө иши акыйкат болсун деген максатта силерге кайрылып жатабыз. Иним азыр ооруканада. Бир аз тамак ичип калды", - деди Молдоалиев.
Окуя 20-январь күнү саат 22:30 чамасында болгон. Анда Кадамжай районунун тургуну 26 жаштагы М.К. пикир келишпестиктен улам он колунун билеги бычактан жаракат алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары А.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу ооруканада деп билдиришкен милициядан.