"Эрнис көп окуп, көп изденчү. Ал куулук шумдукту билбеген адам эле". Жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков кесиптеши Эрнис Эшимкановду эскерет

Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Эшимканов 49 жаш курагында каза болду. Маркумдун санаалашы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков кесиптешине ушул өткөн жекшембиде жолугуп, чыгармачылыгы, келечек пландары тууралуу сүйлөшкөнүн SUPER.KG порталына айтып берди. Ал Эрнис Эшимкановду стихиясы күчтүү, кежир, көк бет, акынча туулуп, акынча жашаган адам болгонун, аны жакындан билген киши катары эскерди.

"Мен аны менен үч күн мурда жубайы жана өзү болуп жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Анда чыгармачылык пландары тууралуу баарлашып, көп иштерди жасоого антташкан элек. Былтыр Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна мүчө болгон. Апрелде 50 жашка чыкмак. Опера жана балет театрында 50 жашын жана ыр кечесин өткөрмөкпүз. Жакында ыр китебин да чыгармакпыз.

Былтыр Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романын кыргызчага которуп “Турар” басмаканасына тапшырган. Тилек байке чыгармак болгон. Ал көк, кежир, нукура акындык чыгармачылык стихия менен жашаган күчтүү жигит болчу. Эрнис көп окуп, көп изденчү. Ал акынча туулуп, акынча жашаган куулук шумдукту билбеген, түз адам эле. Азыркы учурда баарыбыз эле дипломат жана саясатчы болуп кеттик. Ал чыныгы Кудай берген талант болчу. Жаш кетип калганына аябай ичим ачышып жатат ", - деди Калыбеков кесиптеши тууралуу.

Эрнис Эшимканов маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал бир нече жергиликтүү гезиттерде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Акыркы жылдары ал "Баягы Асаба" гезитинде эмгектенип жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-01-29 21:39:20
Жаткан жери жайлуу болсун,бейишин берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан