Италиянын Таранто шаарындагы үйлөр 1 еврого сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин да Италияда үйлөрдү арзан баага сатуу акциясы жүрүп келген. Бирок анда чакан айылдагы үйлөр сатылчу. Бул ирет эски шаарга көп калкты тартуу үчүн Таранто шаарына акция жарыялашты. Азырынча жергиликтүү бийлик 5 үйдү гана сатыкка койгон. Эгер суроо-талап күч болсо, саны дагы көбөйүшү мүмкүн. 1 еврого сатып алган үй ээлерине талап бар. Жаңы үй ээлери имаратты өздөрү оңдоп-түзөп алуусу керек, ошондой эле ал үйдү кымбат баада башкага сатып жибербей, өздөрү жашашы шарт. Учурда Нью-Йорк, Милан жана Рим шаарларынан кардар чыгып жатканы маалым болду.
Белгилей кетсек, жашоочуларды шаарга чакыруу менен жергиликтүү бийлик эски шаарды жандандырууну пландоодо. XIX кылымда ал жакта 40 миңге чукул адам жашаса, азыр 3000ге жакын эл калган. Шаардыктардын көбү көчө, имараттардын начар абалда болгонуна жана болот куюучу заводдун жакын болгонуна байланыштуу көчүп кетишкен.