4-февралда Бишкектин Түштүк магистраль жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде 4 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 киши жаракат алганы маалымдалган.
Патрулдук милициянын басма сөз катчысы жол кырсыгы боюнча бүгүн, 5-февралда кошумча маалымат берди. Ага ылайык, каза болгон жаран 1972-жылы туулган Н.О. болгон. Ал Мерседес Бенц жеңил унаасынын айдоочусу болгон.
Мындан тышкары, 4 адам жаракат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген деп билдирет.