Үйгө кирип акча, уюлдук телефон уурдаган. Токмокто уурулукка шектелген жаран кармалды

Токмок шаарында жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, акча жана уюлдук телефонду уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Январь айынын башында Токмок ШИИБине 31 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызында ал саат 20:00-21:00 аралыгында белгисиз адамдар үйүнө кирип, уюлдук телефону менен 4000 сом акчасын уурдап кетишкенин айткан. Чыгымдын баасы 11 миң сомго бааланган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) боюнча катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип 21 жаштагы Ш.О. кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан