Өзгөндөгү Шопоков орто мектебинен өрт чыкты

Бүгүн, 7-февралда Ош облусундагы Өзгөн районунун Шопоков орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

"Такталган маалымат боюнча, Зергер айыл аймагына караштуу Токтогул айылында жайгашкан Шопоков атындагы орто мектептин имаратынын окуу бөлмөлөрүнөн өрт чыккан. Өрт өчүрүү кызматы өрттөн чыккан жалынды саат 10:03тө толук өчүргөн. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан