Шотландияда койлордун жарышы болду

Шотландиянын Моффэт курорттук аймагында тарыхта экинчи жолу койлордун жарышы болду. Ага ондогон жандык катышып, күлүк койлор борбордук көчөнү баштан-аяк чуркап өтүштү. Кооздук үчүн ар бир койго жүндөн жасалган жумшак оюнчуктар тагылды. Жарыштын максаты - аталган курорттун аймагындагы эң күлүк койду аныктоо болгон жана ал ой ишке ашты. Жеңишти Уии Арчи аттуу тургундун кою багындырып, баалуу белектерди утуп алды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын билдиришинче, койлордун жарышын Испаниянын Памплона шаарында өтчү букалардын жарышынын породиясы деп атоого болот. Муну менен бирге жергиликтүү фермерлерге колдоо көрсөтүү экенин да белгилешти алар.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан