Сокулукта 32 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү менен маркум мас абалында болушкан. Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, окуя 6-февралда Военно-Антоновка айылындагы көчөлөрдүн биринде орун алган.

"Райондук ички иштер бөлүмүнө болжол менен 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Каза болгон жаран 51 жаштагы Д.Э. экендиги аныкталып, ал киши колдуу каза болгону белгилүү болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштеринин алкагында, кылмышка шектелип 32 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү менен маркум мас абалында болуп, пикир келишпестиктен улам чырдаша кеткен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан