Айбек Калиев: "Мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнмөдөн баш тартылды"

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.

Жактоочу Нурбек Токтакунов Айбек Калиевге кайрылып, суроо узатты. "Эгер сизге соттук-экономикалык экспертизанын качан, кандай убакытта, кимдер эксперт катары катышары тууралуу маалымат берилсе, ага катышкан эксперттердин иштен баш тартуу өтүнмөсүн бермек белеңиз?", - деди ал.

"Ооба, Хафизов сыяктуу эксперттердин катышуусуна каршы чыкмакпыз жана бул иште компетенттүү болгон адистердин экспертиза жүргүзүшүн талап кылмакпыз. Иш боюнча жүргүзүлгөн соттук-экономикалык тыянак 36 беттен турган документ. Анын негизинде мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилгени жазылган. Анын 8-бетинде эч нерсеге негизделбеген таблица бар. Ал эми калган беттеринде жөн гана соттук иштин фактыларын белгилеген жазуулар. Ошондуктан шаардык сотто менин жактоочум, экспертизаны кайра жасоо тууралуу өтүнмө келтирген тилекке каршы, ал өтүнмөдөн баш тартылды. Бизге экспертиза тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Ал эми аны менен таанышууга 1 жарым саат гана убактыбыз болгон", - дейт Айбек Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-02-10 18:35:09
Бул АШАнын күё баласы турбайбы Айбек дегениңер, акмак элдин акчасын тоносо азыраак тонобойбу 111 млн доллар ды бир жегенде АП дебей уяты жоктор
0
Alimbek1000
2020-02-10 18:37:33
Андай мындай дй бербей жооп бергилечи. Айбек сен эң акыркы үлгүдөгү Лексус 570 унаасын кайсы акчаңа алып айдап жүргөн элең?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан